Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында 2025-жылдын 3 айынын жыйынтыгы чыгарылды
29 апрель

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында 2025-жылдын 3 айынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында 2025-жылдын биринчи чейрегиндеги ишмердүүлүктүн жыйынтыктары боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеде прокуратура органдарынын бардык негизги багыттары боюнча талдоолор жүргүзүлүп, мыйзамдуулукту бекемдөө, жарандардын укуктарын коргоо, кылмыштуулукту алдын алуу, коррупциялык, социалдык-экономикалык жана экологиялык багытындагы ишмердүүлүк каралды.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кылмыштардын айрым түрлөрүнүнө, башкача айтканда жарандардын жана ишкерлердин укуктарынын сакталышы, үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын катталышы, ошондой эле кээ бир багыттарда прокурордук көзөмөлдү жүргүзүүдөгү кемчиликтерге токтолуп, иш жүзүндө жоюу менен бул багыттарда иштерди күчөтүү зарылчылыгы талап кылынды.

Жыйынтыгында, прокуратура органдарынын кызматкерлерине мыйзамдуулукту камсыздоо, коррупцияга каршы аракеттенүү стратегиясын жана иш-чаралар пландарын өз мөөнөтүндө аткаруу, бюджеттик каражаттардын багыттуу пайдаланылышына өзгөчө көңүл буруу, укук бузуулардын алдын алуу, текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, коомчулук менен ишти активдештирүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар коюлду.