КР прокуроруна “юстициянын генерал-майору” атайын наамы ыйгарылды
Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Асаналиев Максат Кубатовичке “юстициянын генерал-майору” атайын наамы ыйгарылды.
Эске сала кетсек, Асаналиев 2024-жылдын июнунда башкы прокурор болуп дайындалган.
