ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
1 ноябрь

ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзам 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун (мындан ары – ТМУ) Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууну күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган (мындан ары – Макулдашуу).

Макулдашуу ТМУ Жарандык коргонуу механизминин максаттарын, колдонуу жаатын жана түзүмүн, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында өз ара аракеттенүүнү уюштурууну, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жана чара көрүүнү камсыз кылууну, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам көрсөтүүнү карайт.