Нарындагы мектеп жана бала бакчаларга 50 даана видео камера тапшырылды
Бүгүн, Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Жолболду Кочконов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында шаардагы мектептерге жана бала бакчаларга орнотуу үчүн жалпы 50 даана видео көзөмөлдөө камералары расмий түрдө тапшырылды.
Бул иш-чаранын негизги максаты — балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү. Милиция менен жергиликтүү бийликтин тыгыз кызматташуусунун негизинде мындай аракеттер мындан ары да улантылат.
Белгилей кетсек видео көзөмөлдөө камералар шаар, райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө да берилди, бул камералар башкармалыктын Кырдаалдык борбору аркылуу байкоого алынат.
