Кыргызстанда жазгы айдап-себүү иштери дээрлик аягына чыкты
3 июнь

Кыргызстанда жазгы айдап-себүү иштери дээрлик аягына чыкты

2025-жылдын июнь айынын башындагы абалга ылайык, Кыргызстанда жазгы айдап-себүү иштери аяктоо этабына жетти. 

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жалпысынан 651,4 миң гектар аянтта айдоо жана себүү иштери жүргүзүлүп, бул пландалган айдоо түзүмүнүн 93,4 пайызын түзөт.

Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча жумуштардын жүрүшү төмөнкүдөй:

Буудай – 102,4 миң гектар жерге себилип, пландын 99,5 %ы аткарылды; жумуштар соңуна чыгып калды.

Арпа – 223,7 миң гектар жерге себилди (92,7 %), бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9 миң гектарга көп. 2025-жылы жалпы 241,3 миң гектар аянтка арпа себүү пландалууда.

Жүгөрү – 104,9 миң гектар жерге себилди (97,1 %).

Буурчак өсүмдүктөрү – 49,0 миң гектарга себилип, 91,1 % аткарылды.

Картошка – республика боюнча 63,2 миң гектарга эгилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,1 миң гектарга көп. 2025-жылга карата 66,4 миң гектар аянтка картошка отургузуу пландалган.

Жашылча өсүмдүктөрү – 52,3 миң гектарды ээлеп, былтыркыга караганда 0,4 миң гектарга көп.

Дарбыз-баштык өсүмдүктөрү – 10,9 миң гектарга эгилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,22 миң гектарга көп.

Майлуу өсүмдүктөр – 12,9 миң гектарга себилип, бул пландын 75,8 %ын түзөт.

Кант кызылчасы – Чүй жана Талас облустарында 12,87 миң гектарга себилип, өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө тең келүүдө.

Министрлик тарабынан жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү үчүн бардык агротехникалык чаралар көрүлүүдө. Жумуштар боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө, өзгөчө көңүл заманбап технологияларды колдонууга бурулууда.