Сак болуңуз! КР БШКнын атынан фейк билдирүү тарап жатат
Айдана Жупуева
5 декабрь

Сак болуңуз! КР БШКнын атынан фейк билдирүү тарап жатат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жалган маалымат тарап жаткандыгын билдирип, кыргызстандыктарды сак болууга чакырды. 

БШКнын билдирүүсүнө караганда, акыркы кездерде БШК төрагасынын орун басары Жупуева Айдана Садыковнанын атынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөр келип, коркутуулар жана басымдар болуп жатканы боюнча маалыматтар айтылууда.

"Бул маалыматтар чындыкка дал келбеген фейк экендигин расмий билдиребиз. Ошондой эле, пайдаланылып жаткан телефон номери (0221 239282) Айдана Жупуевага тиешелүү эмес", – деп айтылат маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч бир талапкерге артыкчылык бербейт жана объективдүүлүк принцибин карманат. Андыктан, мындай чалууларга, WhatsApp билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.