Новопавловкада айдоочу май куйгандан кийин аялды унаанын эшигине кыпчып сүйрөп кетти
26-ноябрда Новопавловкада ачуу жараткан окуя катталды. Эркек киши күйүүчү май саткан жеке сатуучунун жанынан унаасына өзү билемдик менен май куюп алган.
Аял акчаны алуу үчүн унаага жакындаганда, айдоочу рулга отура калып, качып кетүүгө аракет кылган. Унаанын эшиги ачык бойдон калгандыктан, аял аны кармап турган. Бирок айдоочу газды басып, аялды эшикке кыпчыган абалда сүйрөп кеткен. Андан кийин окуя болгон жерден изин суутуп качып кеткен.
Коопсуздук кызматкерлери учурда айдоочунун өздүгүн жана окуянын чоо-жайын тактап жатышат.
