Тынчтык Субанкулов УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды
5 декабрь

Тынчтык Субанкулов УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгында бир катар кадрдык өзгөртүүлөр жүргүзүлдү.

Буга чейин башкы башкармалыктын жетекчиси болуп келген Каныбек Досмамбетов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, анын ордуна ушул эле башкармалыкта биринчи орун басар кызматын аркалап келген Тынчтык Субанкулов жетекчи болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини тааныштыруу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана облус активи катышты.