Ош облусунда ЖӨБ органдары үчүн окутуу өтүп жатат
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында бүгүн, 5-декабрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуу семинары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чарага Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, юстиция министринин орун басары, Мамкызмат жана ЖӨБМА Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар катышты.
Окутуу КР Юстиция министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүргүзүлүп, анын алкагында жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларды кабыл алуудагы ыйгарым укуктары, ченем жаратуу техникасы жана кабыл алынган актыларды Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү тартиби кенен түшүндүрүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана типтүү документтерди даярдоо боюнча жаңы методикалык колдонмо мамлекеттик жана расмий тилдерде иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 01-25/357 буйругу менен бекитилген.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга аталган китепчелер таратылып, ченем жаратуу процессинде жол берилген типтүү каталар жана аларды алдын алуу боюнча практикалык сунуштар берилет.
Иш-чара жергиликтүү кеңештер менен ЖӨБ аткаруу органдарынын ишиндеги укуктук тартипти чыңдоого, кабыл алынган актылардын сапатын жогорулатууга багытталат.
