Ош: Кулатов кичи районунда жаңы ички жолго асфальт басылды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Кулатов кичи районундагы Бекбалаев көчөсүнөн (Көкүм-Бий көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейин) жол ачылыган болчу, азыркы тапта жолго асфальт төшөлүп Бекбалаев көчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жол куруу иштерин жүргүзүү үчүн аймактагы бир нече турак үйлөр бузулду. Бул демилге шаар ичиндеги жол инфраструктурасын жакшыртуу жана транспорт кыймылын жеңилдетүү максатында жасалууда.
