Таш-Көмүр шаарында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди
31 октябрь

Таш-Көмүр шаарында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди

Бүгүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында алгачкы жолу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышты.

Өз сөзүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы турак жай ээлерин куттуктап, бул иш-чара мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.