Түптө Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды
14 октябрь

Түптө Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 14-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

60 орундуу ЖДПБнын 2 кабаттуу имаратын курууга республикалык бюджеттен 88 миллион сом бөлүнгөн. Имаратта хирургия, төрөт, балдар жана реанимация бөлүмдөрү жайгашат.

«Бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган жаңы имараттын курулушу райондун тургундарына сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Биз мындан ары да өлкөбүздүн ар бир жашоочусу керектүү медициналык кызматтарды эң жакшы шарттарда алышы үчүн иш алып барабыз», - деп белгиледи өз сөзүндө КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.