Баткен облусунда тогуз айда 5 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү
7 ноябрь

Баткен облусунда тогуз айда 5 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү

Баткен облусунун 2024-жылдын 9 айы ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жыйынтыктаган коллегия болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Коллегияда маалым болгондой, 2024-жылдын январь-сентябрь айында өнөр-жай ишканалары тарабынан 5573,9 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 112,3% түздү, айыл-чарбасы 20813,7 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 98,0 % түздү.

  • 50гө жакын көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан 648,8 миң тонна көмүр өндүрүлдү;
  • 42,7 чакырым жолго жаңы асфальт тѳшѳлдү;
  • “РСК Банк”, “Айыл Банк” тарабынан жалпы 651 ишкерге 266,4 млн сом жеңилдетилген насыя берилди;
  • 1921,8 млн. сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, 2029,6 млн. сом чогултулуп план 105,6%, же болбосо планга салыштырмалуу 107,8 млн. сомго көп чогултулган;
  • 5 887,9 млн сом өлчөмүндө капиталдык салымдар беренеси аркылуу инвестиция тартылды;
  • 62 млн 396 мин долларлык чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Эскертүү: 9 айдын жыйынтыгы статистика башкармалыгынын графиги боюнча декабрь айында чыгат);
  • Жакырчылыктын деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 999 үй-бүлөгө кыскарган;
  • 2024-жыл үчүн 2840 квота берилген болсо, анын 2147 үй-бүлө социалдык контракт долбоорунун алкагында 100миң сомдон социалдык колдоо алды;
  • 26 үй тибиндеги балдар бакчасы ачылды;
  • 5 311 жумуш орун түзүлгөн, бул көрсөткүч өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 2 843 жумушчу орунга көп.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, коллегиянын соңунда облус активине жыл аягына чейин белгиленген иш-чараларды мөөнөтүндө, сапаттуу аткаруу жагын белгиледи. Ошондой эле,

  • кышка даярдык,
  • калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо,
  • облусту өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомду толук өздөштүрүү,
  • ветеринардык абалга өзгөчө көңүл буруу,
  • жугуштуу оорулардын алдын алуу иштерин активдештирүү,
  • Таза суу ишканаларын, суунун сапатын жакшыртууга керектүү аппараттар менен камсыздоо,
  • жол кырсыктарынын алдын алуу,
  • турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.