
Бишкектеги эки борбордук көчө эки тараптуу болот
Бишкекте жолдордогу тыгындарды жоюу жана алдын алуу максатында Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү эки тараптуу болот, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.
Эми Сүйүмбаев көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин эки тараптуу болот. Жолду капиталдык оңдоодон кийин Москва көчөсүнөн Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаалар үчүн ачык.
Курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан кийин Огонбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин ортосундагы тилке да эки тараптуу кыймыл үчүн ачык болот. Жумабек жана Москва көчөлөрүнүн ортосундагы Гоголь көчөсү эки тараптуу болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Гоголь көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу эки тараптуу болгон.