Бишкекке электробустар келе баштады
Күн мурун, 2-июнда Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкек шаарына 18 электробус келди.
Буга чейин, 2025-жылдын 31-майында борборго 3 электробус, ал эми апрель айында дагы 2 электробус жеткирилген.
Ушуну менен жалпы жонунан Бишкек шаарына 23 электробус келди.
Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында Бишкек шаарына жалпы 120 электробус алып келинет.
Мындан тышкары, борбор калаадагы эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алууга даярдык катары жүрүп жаткан реконструкция иштери соңуна чыгып жатат.
