Коррупцияга каршы күрөшүү: Башкы прокуратуранын делегациясы Венада дүйнөлүк жыйынга катышууда
6 ноябрь

Коррупцияга каршы күрөшүү: Башкы прокуратуранын делегациясы Венада дүйнөлүк жыйынга катышууда

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы 2024-жылдын 4-ноябрынан 8-ноябрына чейин Венада өтүп жаткан БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын аткаруу жана кароо механизми боюнча жыйынына катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары М.Бектурганов аталган Конвенциянын 2 жана 5-главалар боюнча экинчи циклинин алкагында кабыл алынган коррупцияны алдын алууга жана активдерди кайтарып берүүгө тиешелүү чаралар, ошондой эле бул багыттарда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-багыттары жана реформалар жөнүндө баяндама жасады.

Мындан тышкары, Башкы прокурордун орун басары жыйындын катышуучуларына, үстүбүздөгү жылы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) эксперттеринин, ошондой эле Япониядан жана Сан-Томе жана Принсипиден келген өкмөттүк эксперттердин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатканын жана анын алкагында БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи циклдин алкагында милдеттенмелерин аткаруусуна кароо жүргүзүлөөрүн маалымдады.

Ошондой эле, Вена шаарына болгон иш-сапардын жүрүшүндө М.Бектурганов БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын коррупцияга жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Бригитта Шторбель Шоу айым жана БУУ БКБнын Штаб-квартирасынын кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасын колдоо боюнча мындан аркы кадамдар, кийинки жылы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандын укук коргоо органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди адалдоо менен байланышкан кылмыштарды табуу жана иликтөө боюнча окутуучу программаларды өткөрүү талкууланды.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө 2013-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокуратурасына уурдалган активдерди кайтаруу жаатындагы ишмердүүлүгүнө практикалык жардам көрсөтүп келе жаткан Star Демилгесинин алкагында эл аралык кызматташууну жакшыртуу маселелери дагы козголду.