Бишкектеги ТМУ саммити. Бир катар чечимдер кабыл алынды жана көп тараптуу документтерге кол коюлду
6 ноябрь

Бишкектеги ТМУ саммити. Бир катар чечимдер кабыл алынды жана көп тараптуу документтерге кол коюлду

Бишкек шаарында бүгүн, 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:

1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы;

2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;

3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;

4. Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;

5. Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими;

6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;

7. Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;

8. Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.

Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;

2. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;

3. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

4. Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;

5. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

6. ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.