Баткен облусунда санарип технологиялар кылмыштуулуктун алдын алууда маанилүү жардам берүүдө
31 октябрь

Баткен облусунда санарип технологиялар кылмыштуулуктун алдын алууда маанилүү жардам берүүдө

Баткен облусунун аймагында “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүүдө. Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында видеобайкоо системаларын орнотуу боюнча сунуштар берилген.

Натыйжада, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай имараттарга, курулуштарга, коомдук жайларга жана эл көп чогулган жерлерге жалпы 256 даана сырткы видеобайкоо камерасы орнотулду.

Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ош–Баткен–Раззаков эл аралык автоунаа жолунун 11 участкасына жол эрежелерин бузуу учурларын каттоочу аппараттык-программалык комплекстер орнотулду.

Ошондой эле облус аймагындагы 75 видеокамера Кыргыз Республикасынын Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборундагы адамдын жүзүн таануучу жаңы системага кошулуп, иштеп жатат. Бул системанын жардамы менен издөөдө жүргөн эки кылмышкер (Жалал-Абад ОИИБ жана Россия Федерациясы тарабынан издөөдө болгон) Баткен шаарында кармалды.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча видеобайкоо системаларынын жардамы менен 30 кылмыштын (анын ичинде уурулук, алдамчылык жана автоунаа каражаттарын айдап качуу фактылары) бетин ачууга мүмкүн болду.

Видеобайкоо камераларынын орнотулушу мектептерге, бала бакчаларга жана мечиттерге коюлуп, коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маанилүү кадам болууда. Санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлүп жатканы замандын талабы.