Кыргызстанда бир жумада 217 мас айдоочу кармалды
Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстанда 7нен 13-октябрга чейинки аралыкта 18 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 495;
- Мас абалында автоунаа башкаруу – 217;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 56;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 457;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 860;
- Автоээнбаштык –11;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 048;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –1 0 127;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 498 авт унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
