Кыргызстанда мобилдик байланыштын сапаты жакшыртылууда
26 октябрь

Кыргызстанда мобилдик байланыштын сапаты жакшыртылууда

Кыргызстанда мобилдик байланыштын сапаты жакшыртылууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ведомствонун маалыматына караганда, мобилдик байланыштын сапатын текшерүүгө жана иштөөсүндөгү көйгөйлөрдү аныктоого жардам берүүчү эки заманбап өлчөө комплекси сатып алынды. Бул жабдуулар өлкө боюнча 2Gден 5Gге чейин ар кандай тармактарды текшерип, байланыш жок жерлерди так аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, жакында өлкөдө мобилдик байланыштын сапаты боюнча жаңы стандарт кабыл алынган. Ал кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана аны текшерүү ыкмаларына талаптарды белгилеп, алыскы аймактардагы туруктуу байланыштын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.