Манас шаарында жаңы саркынды сууларды тазалоочу жай пайдаланууга берилди
31 октябрь

Манас шаарында жаңы саркынды сууларды тазалоочу жай пайдаланууга берилди

30-октябрда Манас шаарында №2 саркынды сууларды тазалоочу жаңы комплекс ишке киргизилди. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, объекттин иштөө шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Жаңы тазалоочу жайдын курулушу 2024-жылдын апрель айында башталган. Объект суткасына 20 миң куб метр саркынды сууну тазалоого ылайыкташтырылып, Манас шаарын толугу менен камсыз кылат. Долбоор Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы тарабынан каржыланып, тендердик баасы 5 миллион 489 миң еврону түзөт. Учурда курулуш иштери 95 пайызга жакын аяктап, жыл аягына чейин толук пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев Манас суу канал башкармалыгында эмгектенген кызматкерлер менен да жолугуп, алардын айлык маянасы тууралуу сурап, тиешелүү жетекчилерге келерки жылы эмгек акыны көтөрүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле ал Манас шаарында алдыда аткарылуучу инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор тууралуу да маалымат берди.