
Президент Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисин кызматтан алды
Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Жаманбаев Муса Мураталиевич Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.