Таласта баасы 2,7 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды
Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1999-жылы шаардын автовокзалына тиешелүү болгон 565 чарчы метр жер тилке, мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 2 697 100 сомдук жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.
