Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Килиманжародо көтөрүлдү
4 декабрь

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Килиманжародо көтөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Африкадагы деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктиктеги Килиманжаро чокусунда көтөрүлдү. Бул символикалуу жана жоопкерчиликтүү ишти Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти, Эверестти багындырган альпинист Эдуард Кубатов ийгиликтүү аткарды.

Эдуард Кубатовдун пикиринде, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай желектин чокуда желбиреши маанилүү окуялардан болуп калды.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу Африканын үстүнөн биздин рухубуздун күчтүүлүгүнүн жана дүйнө элдеринин ар түрдүүлүгүнө болгон урматтоонун белгиси катары көтөрүлдү. Оюндарга 20дан ашык африкалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышарын айта кетейин", – деди ал.