Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда
Нарын облусунун Жумгал районунда 19 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда. Бүгүн жалпы издөө иштерине 14 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинне райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам чыкты.
Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
