Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголуудагы тургундарды издөө максатында бүгүн, 6-ноябрда жалпы 14 адам тартылды.

Райондук №43 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам чыкты.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.