КРнын Брюсселдеги элчилиги Бенилюкс өлкөлөрүнүн кыргыз диаспорасы менен жолугушуу өткөрдү
Брюссель шаарында 31-майда Кыргызстандын Бельгия падышачылыгындагы элчилиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чарага Бенилюкс өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, ишкер чөйрөлөрдүн жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Элчи Айдит Эркин ачылыш сөзүндө тарыхтын татаал сыноолорунан өткөн кыргыз элинин руханий күчүнө, мамлекеттүүлүгүн, маданий өзгөчөлүгүн жана улуттук биримдигин сактап калган кайратмандыгына токтолду.
Ошондой эле XX кылымдын башында калыптана баштаган кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн көрүнүктүү интеллигенция өкүлдөрүнүн - А.Сыдыков, И.Арабаев, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, К.Тыныстанов, И.Айдарбеков, Т.Айтматов жана башкалардын тарыхый ролу белгиленди.
Учурдагы Кыргыз Республикасынын жетишкендиктери жана өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан динамикалуу өнүгүүгө өзүнчө токтолду.
Ошондой эле, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын позитивдүү образын калыптандырууга жана мекендештердин биримдигин бекемдөөгө багытталган өлкө жетекчилигинин «#Үлгүлүүкыргыз / #ҮлгүлүүКыргызстан» демилгесине өзгөчө көңүл бурулду
Маданий программа алкагында иш-чаранын конокторуна Чыңгыз Айтматовдун «”Саманчынын жолу” повестинин негизинде тартылган көркөм тасма көрсөтүлдү. Фильм согуштун каардуу учурун, кыргыз элинин мүнөзүнүн өзөгүн түзгөн энелик сүйүүнүн күчүн жана адамдык рухтун бекемдигин чагылдырат.
Тартууланган салттуу кыргыз дасторкону жолугушуунун биримдик маанайын арттырып, катышуучулардын социалдык тармактардагы жылуу пикирлеринде кеңири чагылдырылды.
