Коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын жолдошу дүйнө салды
4 декабрь

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын жолдошу дүйнө салды

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын жолдошу Бекназар Жамангараев дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда теле алып баруучу өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жолдошунун көз жумганын ал Москвада концерт алып барып жатып билген. Ошондой эле маркум Жамангараевдин сөөгү атасынын суранычы менен АКШда коюлат. Ал эми 6-декабрда Бишкекте куран окутулат.

Молдокматова жолдошу 50 жашында, жүрөгү кармап каза болгонун кошумчалады.