Манас ШИИБдин башчысынын орун басарынын атынан опузалап акча талап кылган жаран кармалды
2025-жылдын 2-декабрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан, Манас ШИИБдин башчысынын орун басарынын сүрөтүн колдонуп, “ОВД города Жалал-Абад” аталышта ватсап тиркемеси аркылуу жарандарды коркутуп, акча талап кылып жүргөн жаран боюнча маалымат алынган.
Аталган маалымат Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо жүрналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми окуяга шектүү катарында 1995-жылы туулган М.Ю. аттуу жаран кармалып, Манас ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынган.
Эсиңиздерде болсун урматтуу жарандар! Сиздерге ИИОнун жетекчилилеринин сүрөттөрүн пайдаланып, басым көрсөтсө же акча талап кылса милицияга кайрылыңыздар.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
