Кыргызстанда майыптуулугу бар жарандарга кандай жеңилдиктер каралган? Бекешев жооп берди
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети «Майыптуулугу бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.
Демилгечи Дастан Бекешев майыптуулугу бар адамдарга карата учурда иштеп жаткан жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда каралган жеңилдиктерди санап өттү. Алар:
Майыптуулугу бар жарандар мамлекеттик ипотекадан социалдык программанын негизинде баштапкы төлөмүсүз, 4 пайыз менен ипотека ала алышат. Бул боюнча Министрлер Кабинетинин токтому бар.
Мыйзам долбоорунда майыптуулугу бар жарандарга билим берүү грузиялык система менен каралган.
«Учурда билим берүү жаатында мыйзамдар бар, бирок тилекке каршы, алар жакшы иштебей жатат», – деди Бекешев.
«Майыптуулугу бар жарандарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча Эмгек кодексинде так жазылган жана мыйзам долбооруна да бир топ нормаларды киргиздик. Биринчиден, 25 кишиден көп жумушчусу бар ишкана бир майыптуулугу бар адамды милдеттүү түрдө жумушка алуусу керек.
Андан сырткары Салык кодексине өзгөртүү киргизилип жатканда, мүмкүнчүлүгү чектелген жумушчу киреше салыгын буга чейин 10 пайыз төлөп келген болсо, биз аны 5 пайыз кылып ылдыйлатканбыз.
Ал эми соцтөлөмдөр буга чейин 12,25 пайыз төлөшсө, ал дагы 3,25 пайыз болуп өзгөртүлгөн», – деди Дастан Бекешев.
