Кыргызстан климаттык коркунучтарга туруштук берип, жашыл экономикага багыт алууда
4 декабрь

Кыргызстан климаттык коркунучтарга туруштук берип, жашыл экономикага багыт алууда

Бишкекте Кыргыз Республикасындагы климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин, тобокелдиктерди жана экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, ошондой эле климатка туруктуу, төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнүн жол картасын сунуштоого багытталган иш-чара өттү. 

Бүткүл Дүйнөлүк банктын Климат жана өнүктүрүү боюнча Улуттук докладынын бет ачарына – Министрлер Кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын климатка туруктуулугун күчөтүү багытындагы стратегиялык чаралар тууралуу белгиледи: «Кыргызстан – тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө түздөн-түз дуушар болууда. Биздин милдет – туруктуу айыл чарба, сууну эффективдүү колдонуу, жаңы энергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу. Бул Доклад бизге туура чечимдерди кабыл алууга жардам берет».

Докладда белгиленгендей, өлкөдө суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн эриши, кургакчылык жана экстремалдуу жаан-чачындар экономикалык өсүүнү, айрыкча айыл чарбаны жана инфратүзүмдү коркунучка дуушар кылууда. Бул маселелерди чечүү үчүн Министрлер Кабинети ирригацияны модернизациялоо, климатка туруктуу өсүмдүктөрдү жана мал чарбасын колдоо, энергияны үнөмдүү колдонуу боюнча чараларды көрүүдө.

Кыргызстан «жашыл экономика» программасын 2029-жылга чейин ишке ашырып, мамлекеттик жана жеке секторлорду бириктирүү менен туруктуу, коопсуз жана өркүндөгөн келечек курууну максат кылууда. Программа энергетика, гидроэнергетика, күн панелдери, ошондой эле суу ресурстарын рационалдуу колдонуу аркылуу өлкөнүн климаттык туруктуулугун жана экономикалык өсүшүн камсыздайт.