Маткеримов: Каржылоо маселеси чечилбесе, мыйзамдар кагаз түрүндө эле калат
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети «Майыптуулугу бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.
Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөргө кайрылып, анан бири – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү бар деген белгилөө майыптуулугу бар дегенге алмаштырылганын айтты.
Депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорунун каржылоо жагы кандай чечилгенине кызыкты.
«Албетте, жакшы мыйзам, майыптуулугу бар адамдарды колдоо керек. Бирок каржы маселеси чечилбесе, ал кабыл алынып, иштей баштаганда, жер-жерлердеги майыптуулугу бар адамдар менен иштешкен кызматкерлер кыйын абалга түшүп калат. Эгерде каржы маселеси жолго коюлбаса, анда мыйзам жөн гана кагаз түрүндө калат», – деди Маткеримов.
Бекешев бул мыйзамды өздөрү ойлоп табышпаганын, бул боюнча эл аралык конвенция бардыгын белгиледи.
«Аны биз 2019-жылы ратификация кылганбыз. Бул бизге жаңылык эмес. Ал эми каржылоо жаатындагы нормаларга сунуш киргиздик, аны Министрлер Кабинети өзү эсептеп, карап, аныктасын. Биз пенсия, жөлөкпул көтөрүлсүн деп жазган жокпуз. Ошондуктан, каржылоо баштагы бойдон калат», – деди депутат.
