Бишкекте «Кавказ – Борбор Азия 2025» эл аралык урологиялык конференциясы өтүүдө
22 август

Бишкекте «Кавказ – Борбор Азия 2025» эл аралык урологиялык конференциясы өтүүдө

Ушул жылдын 22–23-августунда Бишкек шаарында «Кавказ – Борбор Азия 2025» аттуу эл аралык урологиялык конференция өтүп жатат. Иш-чара Кавказ, Борбор Азия жана Европанын алдыңкы адистерин бириктирди.

Конференцияга Грузия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, ошондой эле Европа өлкөлөрүнөн, Түркиядан, Түштүк Кореядан жана башка мамлекеттерден адистер катышууда.

Конгресстин ишин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ачты.

Өз сөзүндө министр мындай деди:

«Бүгүн Бишкекте Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана Европанын алдыңкы адистери чогулушту. Мындай кеңири катышуу медицинада улуттук же географиялык чек жок экенин дагы бир жолу тастыктайт. Кыргызстан үчүн бул конгрессти өткөрүү өзгөчө маанилүү, анткени ал жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат – алдыңкы европалык тажрыйбаларды киргизүү, кесиптик диалогду өнүктүрүү жана регионалдык медицинанын эл аралык аренадагы абалын чыңдоо».

Конференция Европа Урологдор ассоциациясынын (EAU) демилгеси менен, Эл аралык урологдор коомунун (SIU) колдоосу алдында өткөрүлүүдө. Бул конференция Европа аймагындагы медициналык форумдардын салтын улантып, тажрыйба алмашууга, илимий диалог түзүүгө жана кесиптик байланыштарды чыңдоого уникалдуу аянтча түзүүдө.

Тарыхый жактан алганда, Европа Урологдор ассоциациясынын «Кавказ жана Борбор Азия» секциясы 2010-жылы Рупрехт Карл атындагы Гейдельберг университетинин (Мангейм, Германия) клиникасынын урология боюнча профессору Петер Алкендин демилгеси менен түзүлгөн. Ушул платформа аркылуу региондогу дарыгерлер эл аралык конгресстерде илимий иштерин сунуштап, тажрыйба алмашуу программаларына катышып, дүйнөлүк урологиялык илимдеги ордун бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

DOC клиникалар тармагынын директору, медицина илимдеринин доктору, доцент Нурбек Монолов мындай деп белгиледи:

«Конгресстин башкы максаты – региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы илимий байланышты чыңдоо, тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүү жана урологиялык илим менен практиканын деңгээлин жогорулатуу. Акыркы жылдары Кыргызстанда диагностика кыйла жакшырды: заманбап лабораториялар жана клиникалар ачылууда, жаңы жабдуулар киргизилүүдө, калктын медициналык сабаттуулугу өсүп жатат. Ошол эле учурда алдын алууга өзгөчө көңүл буруу зарыл – ден соолукту чыңдоо маданиятын калыптандыруу, туура тамактануу, уйку режимин сактоо, сексуалдык саламаттык жана экологиялык коопсуздук маселелерине көңүл буруу».

Уюштуруучулар белгилешкендей, мындай ири форумдун Бишкекте өтүшү Кыргызстанды эл аралык илимий кызматташуу жана медициналык билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча катары таанууну билдирет.