Кыргызстандын Экономика министрлиги халал-сертификатын кимдер берүүгө укуктуу экенин түшүндүрдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Кыргызстандын Экономика министрлиги халал-сертификатын кимдер берүүгө укуктуу экенин түшүндүрдү

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги халал стандарттарына шайкештик сертификаттарын берүү тартибин түшүндүрдү. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбековдун бул тармактагы уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүү маселесин көтөргөн кайрылуусу себеп болгон.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2021-жылдан бери министрликтин алдында «Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси иштеп келет. Анын негизги милдети – мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана тармакты өнүктүрүү. Бирок аталган мекеме халал-сертификаттарын берүүгө ыйгарым укуктуу эмес.

Мыйзамдарга ылайык, продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоону аккредитациядан өткөн органдар гана жүргүзө алат.

2026-жылы тиешелүү аккредитацияны «Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору» ЖЧКсы алган. Учурда халал стандарттарына шайкештик сертификаттарын ушул жеке компания берип жатат.

Экономика министрлиги аталыштары окшош болгонуна карабастан, мамлекеттик мекеме менен жеке компания эки башка уюм экенин, алардын милдеттери жана ыйгарым укуктары айырмаланарын белгиледи.

Ведомство жарандарды жана ишкерлерди сертификат алуу үчүн кайрылууда бул айырмачылыкты эске алууга чакырды.