2026-жылы Талас облусунун бюджети 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

2026-жылы Талас облусунун бюджети 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген

2026-жылы Талас облусунун бюджети 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөргөн кезде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы Талас облусунун бюджети 640 млн сомду түзсө, 2025-жылы анын бекитилген көлөмү 1 млрд 268 млн сомго жеткен. Ошентип, 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

"Тогуз айдын ичинде республикалык бюджеттен 8 млрд 638 млн сом каржыланган", - деди ал.