Кыргызстанда 100 граммдык алтын куймасынын баасы 1,15 млн сомго жетти
Кыргызстандын Улуттук банкы 3-ноябрда салмагы 10, 31,1035 жана 100 грамм болгон өлчөнгөн алтын куймаларынын сатуу баасын жогорулатты.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 100 граммдык алтын куймасынын сатуу баасы 12 миң 177 сомго же 1,07%га өсүп, 1 млн 150 миң 828 сомду түздү. Ал эми кайра сатып алуу баасы 11 миң 822,5 сомго жогорулап, 1 млн 117 миң 309 сомго жетти.
Салмагы 31,1035 грамм болгон бир трой унция алтындын сатуу баасы 3 миң 732 сомго же 1,07%га кымбаттап, 349 миң 735,5 сомдон 353 миң 467,5 сомго чейин өстү. Аны кайра сатып алуу баасы 3 миң 677 сомго жогорулап, 348 миң 244 сомду түздү.
10 граммдык алтын куймасынын баасы 1 миң 186,5 сомго же 1,05%га өсүп, 113 миң 830 сом болду. Аны кайра сатып алуу баасы 1 миң 184 сомго жогорулап, 113 миң 602,5 сомду түздү.
Ошол эле учурда салмагы 1, 2 жана 5 грамм болгон алтын куймаларынын сатуу баасы өзгөргөн жок:
-
1 грамм — 13 миң 278 сом, кайра сатып алуу баасы — 12 миң 489,5 сом;
-
2 грамм — 25 миң 195,5 сом, кайра сатып алуу баасы — 23 миң 702,5 сом;
-
5 грамм — 60 миң 721 сом, кайра сатып алуу баасы — 57 миң 474 сом.
Майда салмактагы куймалардын сатуу баасы өзгөрбөгөнү менен, аларды кайра сатып алуу баасы да жогорулады. Тактап айтканда, 1 граммдык куйманын баасы 117,5 сомго, 2 граммдыкы 235,5 сомго, ал эми 5 граммдыкы 592 сомго өстү.
Ошентип, 3-ноябрда алтын куймаларынын бардык алты түрүн кайра сатып алуу баасы 0,95%дан 1,07%га чейин жогорулады.
