Казакстан 2027-жылдын аягына чейин урандын стратегиялык резервин түзөт
Казакстан 2027-жылдын аягына чейин өлкөдөгү атомдук электр станцияларын (АЭС) өзөктүк отун менен камсыздоо максатында урандын мамлекеттик стратегиялык резервин түзүүнү көздөп жатат. Ошондой эле «Мойынкум» АЭСин куруу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн жыйынында премьер-министрдин орун басары – улуттук экономика министри Серик Жумангарин билдирди.
Анын айтымында, стратегиялык запасты түзүү атом энергетикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасынын бир бөлүгү болот. Муну менен катар тармак үчүн квалификациялуу адистерди системалуу даярдоо каралууда.
Буга чейин Казакстандын Атомдук энергетика агенттигинин төрагасы Алмасадам Саткалиев тармакты өнүктүрүү стратегиясында 2050-жылга чейин кеминде 150 миң тонна уран резервин түзүү каралганын билдирген.
Мамлекеттик резерв өзөктүк отун менен камсыздоонун бир нече баскычын камтыйт. Атап айтканда, жер казынасындагы уран запастарын сактоо, табигый урандын физикалык запасын жана атомдук станциялар үчүн даяр отунду түзүү пландалууда.
Муну менен Казакстан келечектеги АЭСтерди өз алдынча отун менен камсыздоо системасын түзүп, жеткирүүдөгү үзгүлтүктөрдүн тобокелдигин азайтууну көздөйт.
Эске салсак, 28-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн атом энергетикасынын керектөөлөрүн камсыздоо үчүн урандын мамлекеттик стратегиялык резервин түзүү маселесин кароону сунуштаган.
Ошондой эле ал 2027-жылы «Балхаш» АЭСинин курулушун баштоо жана «Мойынкум» долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимди даярдоону тездетүү зарылдыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, 2027-жылдын аягына чейин резерв түзүү жана 2050-жылга чейин 150 миң тонна уранды резервге алуу — мамлекеттик узак мөөнөттүү стратегиянын өзүнчө этаптары болуп саналат.
