Жапаров:  2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктайт
президенттин администрациясы
3 ноябрь

Жапаров: 2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктайт

2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолуккан кезде билдирди. 

Анын айтымына караганда, андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталат.

Садыр Жапаров сөзүн улап, бүгүнкү күндө Талас өрөөнүндө аймактын башкы байлыгы жана чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы алтын кени – Жерүй кени иштеп жатканын айтты. Аны “Альянс Алтын” компаниясы иштетип, 1000ге чукул адамды жумуш орду менен камсыз кылууда, алардын басымдуу бөлүгүн Талас облусунун тургундары түзөт.

Тоо-кен ишканасы республикалык бюджетке киреше салыгын, кошумча нарк салыгын, пайда салыгын, ошондой эле лицензияларды кармап туруу үчүн төлөмдөрдү жана бонустарды төлөйт. Мунун аркасында 2026-жылдын 9 айында эле мамлекеттик казынага 20 млрд сом которулган.

“Мурда Кумтөрдөн түшкөн 5 млрд сом кирешеге кубансак, бүгүнкү күндө Жерүйдүн бир эле кени төрт эсе көп киреше түшүрүп жатат”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Муну менен катар каражаттар жергиликтүү бюджетке жана облустун өнүктүрүү фонддоруна багытталат. 2021-жылдан бери “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү фонддорго 3,5 млрд сомдон ашык каражат которгон. Бул каражаттардын 50%ы Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 30%ы Талас районун өнүктүрүү фондуна, ал эми калган 20%ы кен жайгашкан Шумкар-Уя айыл аймагынын бюджетине түшөт.