КРВИнин жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча негизги чаралар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калкты төмөнкү алдын алуу чараларын сактоого чакырат:
- колдун гигиенасын сактоо, колду самындап үзгүлтүксүз жуу;
- бөлмөлөрдү тез-тез желдетүү жана нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү;
- жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу аркылуу респиратордук гигиенаны сактоо;
- адамдар көп чогулган жерлерде, өзгөчө респиратордук инфекциянын белгилери байкалганда медициналык беткап колдонуу;
- организмди үшүтүүдөн сактануу;
- оорунун белгилери пайда болсо, үйдөн чыкпай, өз убагында медициналык жардамга кайрылуу;
- КРВИнин белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектепке жана бала бакчага жибербөө;
- эмгек жана эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана кыймыл-аракетти жетиштүү деңгээлде кармоо.
Калкка консультациялык жардам көрсөтүү
Балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда КРВИ боюнча адистештирилген колл-борборлор уюштурулган.
Балада оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо ата-энелер аралыктан консультация алуу үчүн кайрылып, медициналык адистердин сунуштарын жана кошумча текшерүүдөн өтүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгы тууралуу маалымат ала алышат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды сасык тумоого каршы эмдөөдөн өз убагында өтүүгө, алдын алуу чараларын сактоого жана оорунун белгилери пайда болгон учурда медициналык жардамга кайрылууга чакырат.
Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун колл-борборлору
- №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0501323156
- №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0559203103
- №3 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500755471
- №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0704706773
- №5 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500706911
- №6 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0558299808
- №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500060868
- №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0700157609
- №9 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0550359050
- №10 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0990507015
- №11 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500530010
- №12 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0501121293
- №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0707366084
- №14 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0550103150
- Темир жол бейтапканасы — 0709372849
