Бишкектеги Киев көчөсү 2027-жылдан тарта толук реконструкциядан өткөрүлөт
Бишкектеги Киев көчөсүн 2027-жылдан тарта толугу менен реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев билдирди.
Анын айтымында, учурда көчөнүн абалы канааттандырарлык. Ал эми бузулган жерлеринде чуңкурларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда шаар бийлиги Киев көчөсүн масштабдуу жаңылоону караштырууда.
«2027-жылдан тарта Киев көчөсү толугу менен реконструкциядан өтүшү керек», — деди Жумабаев.
Мэриядан белгилешкендей, шаар жолдорун жаңылоодо унаа айдоочулардын жана коомдук транспорттун гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын да муктаждыктары эске алынат.
