Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө коюлган тыюуну алып салды
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө коюлган тыюуну алып салды

Кыргызстандын Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын импорттоого киргизилген убактылуу тыюуну алып салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы №730 токтомунда айтылат.

Чектөөлөр жеңил бетон, цемент жана таштан жасалган курулуш блоктору менен кирпичтерге, керамикалык плиткалардын айрым түрлөрүнө, жылмаланган айнекке, ошондой эле алюминий жана жез өзөктүү электр кабелдерине карата киргизилген.

Импортко тыюу салуу 2026-жылдын 14-сентябрында алты айлык мөөнөткө киргизилген.

Бирок Министрлер кабинети рынокту айрым курулуш материалдары менен турукташтыруу максатында чектөөлөрдү мөөнөтүнөн мурда алып салуу чечимин кабыл алды.

Тыюу салууну киргизген №614 токтом жана ага киргизилген кийинки өзгөртүүлөр күчүн жоготту деп таанылды.

Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.