Бишкекте жаңы Ош базарына жана автобекетке кошумча автобустар каттай баштайт
Бишкекте жаңы Ош базарына жана курулуп жаткан автобекетке коомдук транспорттун кошумча каттамдарын ишке киргизүү пландалууда.
Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда бул багытта жол инфратүзүмүн өнүктүрүү иштери уланууда.
Жаңы Ош базарынын жана автобекеттин айланасындагы негизги иштер аяктагандан кийин шаар бийлиги коомдук транспорттун каттамдарын кайра карап чыгып, кошумча автобус каттамдарын киргизүүнү көздөп жатат.
Жумабаев белгилегендей, жаңы каттамдар ири объектилерге жана аларга жакын жайгашкан райондорго жетүүнү жеңилдетет.
Алдын ала пландарга ылайык, зарыл болгон инфратүзүмдүк иштер аяктагандан кийин кошумча каттамдар жазында ишке кириши мүмкүн.
