Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 10 432 адам ооруду
Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 10 432 адам ооруду. Алардын 68 пайызы балдар. Өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 6,9 пайызга, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
24-31-октябрь күндөрүндөгү ыкчам маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү калктын 100 миңине 142,1 учурду түздү.
Ооругандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт. Отчеттук мезгилде алардын арасында 7 103 учур катталып, бул жалпы ооругандардын 68,1 пайызын түзгөн.
Лабораториялык мониторингдин жыйынтыгы өлкөдө ар кандай респиратордук вирустар таралып жатканын көрсөттү.
Аныкталган вирустардын ичинен риновирустар басымдуулук кылып, 47,6 пайызды түзгөн. Андан кийинки орунда парагрипп вирустары (21,5%) жана аденовирустар (13,8%) турат.
Ошондой эле сезондук коронавирустар (10,2%), бокавирустар (6,1%) жана респиратордук-синцитиалдык вирус (0,8%) аныкталган.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды кол гигиенасын сактоого, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип турууга жана инфекциянын белгилери байкалганда эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат.
Адистер балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууну эскертишет. Ата-энелерге ооруп калган мектеп окуучуларын жана бала бакчага барган балдарды толук айыкканга чейин сабакка жибербөө сунушталат.
Оорунун алгачкы белгилери байкалганда медициналык жардамга кайрылуу керек.
