Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөөнүн баасы бир доза үчүн 450 сомдон 1 100 сомго чейин турат
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөөнүн баасы бир доза үчүн 450 сомдон 1 100 сомго чейин турат

Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Жеке медициналык мекемелерде вакцинанын бир дозасы 450 сомдон 1100 сомго чейин турат. Ошол эле учурда жарандардын айрым категориялары акысыз эмдөөдөн өтө алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Гриппол+» вакцинасынын 63 734 дозасы сатып алынган. Мындан тышкары, сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 100 миң дозасы жеткирилери күтүлүүдө.

Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Биринчи кезекте төмөнкү тобокелдик тобуна кирген адамдар эмделүүдө:

  • өнөкөт оорулары бар адамдар;

  • 65 жаштан жогорку жарандар;

  • кош бойлуу аялдар;

  • тез-тез ооруган балдар;

  • медициналык кызматкерлер.

Аталган жарандар үчүн эмдөө Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, каалоочулар 12 жеке медициналык уюмда акы төлөп эмдөөдөн өтө алышат. Алар: «Кроха», «Малыш», «ЦАДМИР», «Поликлиника-312», «Интермедикал», «Комфорт Медик», «Эдельвейс», «Клиника 21», «Авиценна», «Чипенко», «Мама Доктор» жана «Аллерго Эксперт». Эмдөөнүн баасы бир доза үчүн 450 сомдон 1 100 сомго чейин.