«Балага сүйүнчү»: «Түндүк» аркылуу кызмат ишке киргизилгенден бери 8,9 миңден ашык арыз кабыл алынды
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

«Балага сүйүнчү»: «Түндүк» аркылуу кызмат ишке киргизилгенден бери 8,9 миңден ашык арыз кабыл алынды

2026-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулун алуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эмгек министрлигинен кабарлашкандай, бул жаңы мүмкүнчүлүк мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып, бала төрөлгөндө үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоону алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

2026-жылдын 2-ноябрына карата жаңыланган кызмат ишке киргизилгенден бери жөлөкпул алуу үчүн 8 910 арыз келип түштү.

Алардын ичинен:

  • 3 384 арыз (38%) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилген;
  • 5 526 арыз (62%) Калкты тейлөө борборлору жана жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдары аркылуу кабыл алынган.

Ошентип, арыз ээлеринин үчтөн биринен көбү мамлекеттик мекемелерге жеке барбастан, жөлөкпул алуу үчүн аралыктан арыз берүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан.

Жаңы төрөлгөн балдардын жынысы боюнча арыздардын бөлүштүрүлүшү:

  • эркек балдар — 4 548 (51%);
  • кыздар — 4 362 (49%).

Мындан тышкары, эгиз төрөлгөн учурлар боюнча 202 арыз, үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурлар боюнча 12 арыз катталган.

Эске салсак, «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулунун өлчөмү ар бир жаңы төрөлгөн балага 4 000 сомду түзөт. Эгиз, үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 000 сом өлчөмүндө жогорулатылган төлөм каралган.

«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кызматтын ишке киргизилиши мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Эми жарандар арызды өздөрүнө ыңгайлуу убакта аралыктан бере алышат. Бул административдик жол-жоболорду кыскартууга, мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жөлөкпул алуу процессин ыңгайлуу жана ачык-айкын кылууга өбөлгө түзөт.

Министрлик социалдык төлөмдөрдү санариптик форматта көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштерди улантууда.