Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктар көп. Визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү
Жогорку Кеңеш
3 ноябрь

Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктар көп. Визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү

Бүгүн, 3-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузиянын Парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Алгач Төрага ардактуу конокту Жогорку Кеңештин имаратынын алдынан тосуп алып, парламенттин музейин жана кичи жыйындар залын көрсөттү.

Андан соң тараптар кеңири курамда жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Грузиянын парламенттеринин жетекчилери алгачкы жолу жолугушуп жатканын белгилеп, бул расмий сапар мыйзам чыгаруу органдарын гана жакындатпастан, мамлекеттер аралык мамилелерди да чыңдоого түрткү берет деген ишеничте экенин кошумчалады.

«Кыргызстан Грузия менен достукка жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар. Айрыкча транзит, логистика, инвестиция жана туризм тармактарын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашып, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында да биргелешип иш алып барууга даярбыз. Андыктан калыптанган алакаларды парламенттер аралык диалог аркылуу улантып, эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруубуз кажет», – деди Төрага.

Буга мисал катары тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында тыгыз иш алып баруу, ошондой эле эл аралык аянтчаларда да кызматташуу зарыл экенине токтолду.

Айрыкча экономикалык байланыштарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айткан Төрага учурдагы соода жүгүртүүнүн көлөмү ортодогу потенциалды толук камтыбай тургандыгын билдирди. Ага ылайык, энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, фармацевтика тармактарында да тыгыз иш алып барып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу керектигин кошумчалады.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык жаатта да мүмкүнчүлүктөр арбын экенине токтолгон Марлен Маматалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына грузиялык спортчулар активдүү катышканын белгилеп, Тбилиси шаарындагы паркка улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөрүү жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сунуштары менен да бөлүштү.

Баарлашуу маалында Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатканын эске алып, визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси да көтөрүлдү.

Өз кезегинде Шалва Папуашвили да Кыргызстанга жасаган бул тарыхый сапары эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө салым кошот деген ишеничте экенин белгилеп, Төрага Марлен Маматалиевди да Грузияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлерин айтып, байыркы Жибек жолун кайра калыбына келтирүүчү транспорттук коридорлор аркылуу логистика жана энергетика багытындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Мындан сырткары, туризм тармагында да кызматташуу учур талабы экенин билдирип, Кыргызстандын кооз табиятына кызыккан грузиялыктар арбын экенин мисал кылды.

Муну менен бирге парламенттер аралык диалогду эки тараптуу жана эл аралык деңгээлде да өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Жолугушуудан соң Төрага Марлен Маматалиев кесиптешин Жогорку Кеңештин иши менен тааныштырып, жыйындар залындагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү көрсөттү.