Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келди
Күн мурун, 2-ноябрда, Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Эске салсак, дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча 8 спортчу катышкан.
Мелдештин жыйынтыгында Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак ченинде күмүш медаль, ал эми Малик Шаваев 86 кг чейинки салмак ченинде коло медаль жеңип алды.
Командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 6-орунду ээледи.
