Быйыл Талас облусунда 29 объекттин курулушу аяктады
Быйыл Талас облусунда 29 объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Алардын арасында “Акылман” лицейи, “Баластан” борбору, “Манас Ордо” жана “Айтматов Ааламы” комплекстери, Нуржанов атындагы аллея, ошондой эле бир катар мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, маданият, өндүрүш жана башка социалдык объекттер бар.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы алты өндүрүш объектиси курулуп, пайдаланууга берилди. Инвестициялардын жалпы көлөмү 8,1 млн АКШ долларын түзүп, 325 жумуш орду түзүлгөн.
Алардын катарында нан жана кондитердик азыктарды өндүрүүчү “Адис нан” ишканасы, “Гранит Транс Сервис” асфальт-бетон заводу, “Кен-Арал” кирпич өндүрүү ишканасы, “Талас Эко Фуд” төө буурчакты кайра иштетүү ишканасы, “Нур КапСтрой” асфальт-бетон заводу жана “Күркүрөө” курулуш материалдарын өндүрүү ишканасы бар.
