президенттин администрациясы
3 ноябрь
Манас районунун мамлекеттик бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү
Президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунун Манас районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Маалыматта айтылгандай, райондун мамлекеттик бюджетинин көлөмү өсүшүн улантууда: 2021-жылы 83 млн сомдон ашып, 2022-жылы 80 млн сомду түзгөн. Кийинки жылдары бюджеттик көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү байкалган. 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин көлөмү 107 млн сомдон ашса, 2024-жылы 129 млн сомдон ашуунду түзүп, ал эми 2025-жылы 195 млн сомдон ашкан. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин көлөмү 158 млн сомдон ашыкты түзгөн.
Сунушталган болжолдуу маалыматтарга ылайык, жылдык көрсөткүч 208 млн сомдон ашык деңгээлинде болушу күтүлүүдө.
