Бишкекте автобустардын каттамы эмнеге аз болуп жатканын мэриядан түшүндүрүштү
3 ноябрь

Бишкекте автобустардын каттамы эмнеге аз болуп жатканын мэриядан түшүндүрүштү

Бишкек шаарында учурда 1400 автобус бар жана күнүнө каттамга 1100-1150 автобус чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. 

Айтымында, коомдук транспорттун 95-96 пайызын "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы камсыздайт. Калганы жеке ишканаларга таандык. 

“АТРдин алкагында Бишкек шаарынын аймагы кеңейген. Мындан улам биз дагы кошумча автобустарды сурап, сунуштарды даярдап жатабыз”, - деди ал. 

Ошондой эле ал шаардагы автобус каттамдарынын жетишпей жатканынын себебин атады. Айтымында, автобус – техника, ал кез-кезде бузулат, бирок көбүнчө майда бузулуулар. Андай автобустар ыкчам оңдолуп, кайра каттамга чыгарылат. 

Андан сырткары шаардагы жол тыгын дагы автобусттардын каттамдарын жайлатууда. 

“Биз автобустардын жүрүү интервалын негизинен 15 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин коебуз. Айрым эл көп каттамдарга 10 мүнөттөн. Бирок автобустардын жүрүү ыргагына шаардагы транспорттук агымдын таасири чоң. Мисалы, кечки саат 5тен баштап көп автобустар тыгында туруп калат, бул айрыкча шаардын сыртына чыкчу каттамдардагы ыңгайсыздыкты жаратат. Муну чечүү үчүн кошумча автобустарды да коштук, бирок баары тыгынга кабылышат”, - деди ал. 

Айтымында, учурда каттамдарды оптималдаштыруу каралууда. Мисалы, айрым автобустардын каттамы өтө узак, шаардын бир учунан экинчи учуна барат. Алардын каттамын экиге бөлүү сунушталган. 

“Бирок бул сезимтал маселе. Бир каттамдын аялдамасын өзгөртсөң, ага көнүп калган адамдарга кыйын болот. Альтернативалык каттамдарды иштеп чыгып жатабыз”, - деди.